Чүй облустук ооруканасы Бишкек шаардык тез жардам ооруканасы деп өзгөртүлдү

Чүй облустук бириккен ооруканасы Бишкек шаардык №2 клиникалык тез жардам ооруканасы деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мындай чечим президент чыгарган жарлыктын негизинде Чүй облусунун бир топ аймагы ордо калаага кошулуп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.