«Айыл чарбасын каржылоо — 10» долбоорунун алкагында жыл башынан бери 2 миллиард 200 миллион сом насыя берилди.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, каражат үч багыт боюнча бөлүндү.
Алар: өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы.