Ак-Босого конушунда убактылуу суу болбойт

27-февралда Ак-Босого конушунда суу болбойт Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу Ак Босого-1, Ак Босого-2 конуштарында оңдоо иштерине карата өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.