АКШда бардык жарандарды эмдөө июль айында башталат

АКШнын коронавируска каршы бардык жарандарды эмдөө быйыл июль айында башталат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден жарандар менен интерактивдүү баарлашуу учурунда билдирди. СNN каналы уюштурган онлайн суроо-жооп Байдендин кызматка киришкенден бери жарандар менен алгачкы түз баарлашуусу болуп калды.

 

«Июлдун аягында 600 миллион доза вакцинага ээ болобуз. Бул ар бир америкалыкты эмдөөгө жетиштүү болот»,-деп билдирди АКШ президенти.

Буга чейин жапырт эмдөө жазында башталат деген божомолдор айтылган. Бирок жакында Ак үй вакцинанын жетишпестигинен улам бул жараянды кийинкиге жылдырган. АКШда учурда улгайган адамдар, медкызматкерлер сыяктуу калктын бөлүгү эмдөөдөн өтүүдө.

 

Президент Байден мугалимдерди эмдөө демилгесин колдорун кошумчалады. Ал мындай жол менен мектептерди эртерээк ачуу керек деген ойдо.

 

Бирок Кошмо Штаттардын президенти өлкөдө жамааттык иммунитет пайда болуп, кадимки жашоо ыргагына кайтууга дагы көп бар экенин эскертти.

АКШда соңку учурда коронавирусту жуктургандардын саны мурдагыга салыштырмалуу азайып келатат. Бирок дале болсо күн сайын он миңдеген адамдан вирус табылып, миңдей адам илдеттен улам өмүр менен кош айтышууда.