Нур-Султанда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чокусуна уйду көтөрүп чыгышты

Нур-Султанда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чокусуна уйду көтөрүп чыгышты. Казакстандын ордо калаасында катталган өзгөчө окуяны күбөлөр видеого тартып алышкан.

 

Анда көрүнгөндөй атайын крандын жардамы менен кадимки эле уй 7-кабаттын үстүнө чыгарылды. Малды бир нече киши тосуп алды. Көрсө, курулуштун ээси дал ошол жерден кан чыгарып, уйду курмандыкка чалууну туура көргөн.