АКШнын бактылуу тургуну катачылык дагы ийгилик алып келе турганына ынанды

АКШнын бактылуу тургуну катачылык дагы ийгилик алып келе турганына ынанды. Ал 1 лотерея билетинин ордуна экини сатып алып, ашыкча кетип калган акчасына бир сыйра кейип алган.

 

Бирок көп өтпөй, эки билет тең байгелүү экени аныкталды. Болгондо дагы, ар бири ири суммага – 1 миллион доллардан. Жеңүүчү кубанычы койнуна батпай билдиргендей, ал биринчи кезекте жаңы үй сатып алууну пландап жатат.