Ошто көп кабаттуу үйдө чыккан өрттөн 3 адам жабыркады

Ошто көп кабаттуу үйдө чыккан өрттөн 3 адам жабыркады. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, истүү газга уулангандар шаардык ооруканага жеткирилди. Абалдары туруктуу орто деп бааланат.

 

Эске салсак, тилсиз жоо бүгүн Оштун Алай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде чыкты. Аны басууга 3 өрт өчүрүүчү бригада жана куткаруучулар тартылды.