Быйыл Кыргызстанда 590 чакырым жол оңдолот

Быйыл Кыргызстанда 590 чакырым жол оңдолот.

Унаа жана жолдор министрлигинин орун басары Нурлан Кайынбаев ишендиргендей, анын 429 чакырымынын асфальты жаңыртылат.

Бул максатта бюджеттен 7 миллиард 600 миллион сом, ал эми инвестициялык долбоорлор аркылуу 11 миллиард сом бөлүү каралууда.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жолдордун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзөт, анын дээрлик 19 миң чакырымы ведомствонун карамагына кирет.