Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында орточо айлыктын өлчөмү 17 миң 999 сомду түздү

Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында орточо айлыктын өлчөмү 17 миң 999 сомду түздү.

Бул былтыркы жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 10,5 пайызга көп экени

Улуттук статистика комитетинин материалында айтылат. Маяна жогорку өлчөмдө төлөнүүчү тармактар арасында

алдыңкы орунда каржы ортомчулугу жана камсыздандыруу тармагы турат – 36 миң сом.

Ал эми айлык акысы аз тармактарга искусство, көңүл ачуу жана эс алуу багытындагы

кызматкерлер турат. Алардын маянасы араң эле 9,5 миң сомдон ашат.