Кыргызстанга Өзбекстандан келген автобустар каттамга кое берилди.
Алар 1-июлга чейин ордо калаадагы жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт, — дешти
мэриядан. Бүгүнтөн тартып япониялык ISUZU маркасындагы 50 автобус
5 линияга бөлүштүрүлдү. Коомдук унааларга №10, 11, 12, 13, 14-номурлар
ыйгарылды, эми алар Ак-Ордо, Көк-Жар, Маевка, Кырман конуштарына жана
12-кичирайонго каттайт. Белгилеп кетсек, жыл аягына чейин өлкөгө
ушундай эле газ менен жүргөн дагы 300 автобус жеткирилет.