Арашанда ок аткандар сурак берүүдө

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Арашан айылында посттон өтмөкчү болуп ок аткандардын экөө аныкталып, милицияда сурак берип чыкканын маалымдады. Учурда окуяга катышкан башка жарандарды аныктоо жүрүп жатат. Баштапкы маалымат боюнча, алардын бири ооруканада экени кабарланды.

 

Милициянын маалыматына ылайык, 18-апрель күнү түшкө жуук бир нече квадроцикл айдаган он чакты киши Арашан айылында жайгашкан посттон өтүүгө аракет кылышкан. Жергиликтүү тургундар, ыктыярчылар аларды өткөрбөй койгондуктан ортодо чыр чыгып, посттон өтүүнү каалагандар ок атып, качып кетишкен.

Аламүдүн районунун ички иштер нөөмөт бөлүмүнө чыр боюнча маалымат кечинде түшкөн. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча катталган болчу.