Баткен облусунун чек ара башкармалыгында баасы 2 миллион сомго барабар күндөн заряд алуучу кубаттагычтар жоголду

Баткен облусунун чек ара башкармалыгында баасы 2 миллион сомго барабар күндөн заряд алуучу кубаттагычтар жоголду. Маалыматты Чек ара кызматынын маалымат катчысы Асылкерим Ажиев тастыктады.

 

Аталган факты боюнча материалдар Баткен облусу боюнча Аскер прокуратурасына өткөрүп берилип, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Аталган жабдуулар электр жарыгы өчкөндө радиостанцияларды кубаттоо үчүн колдонулуп келген.