Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын мурдагы жетекчиси кайра кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын мурдагы жетекчиси мекемеде аныкталган кезектеги коррупциялык схемага байланыштуу кармалганын 19-январда билдирди.

 

Атайын кызматтын маалыматында мекемеде биологиялык каражаттар менен вакциналарды өтө кымбат баада сатып алууну уюштурган, кызматкерлерден маал-маалы менен акча чогултулуп турган схема аныкталганы айтылат.

 

2017-2020-жылдарда инспекцияны жетектеген К.Ж. аттуу (Ред.: Калысбек Жумаканов)адамдын башчылыгы менен 90 миллион сомдук ветеринардык каражаттарды алып келүү боюнча мамлекетке пайдасыз келишимдер түзүлгөнү жазылган.

Жооптуу жетекчилик кызмат орундарына милдеттүү болгон сынакты өткөрбөй туруп, талапка жооп бербеген адамдар дайындалганы да белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында инспекциянын мурдагы жетекчиси УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Тергөө уланып жатканы кабарланды.

УКМК 2020-жылдын октябрында ошол кезде инспекцияны жетектеп турган Калысбек Жумакановду жана аны менен кошо мекемеге караштуу башкармалыктын, бөлүмдүн жана лабораториянын башчыларын коррупцияга шектүү катары кармап, камакка алган.

 

Бишкек шаардык соту кийинчерээк Жумакановду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарган.

Кармалгандар жана алардын өкүлдөрү УКМКнын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы өлкөдө мал-жандык арасында түрдүү ылаңдын жайылбоосуна жана азык-түлүктүн коопсуздугуна жооп берет.