Валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу

Валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан тарта доллардын сомго карата расмий курсу 1,6 пайызга жогорулады.

Учурда ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сунуштоого караганда, ага карата суроо-талап жогорулап жаткандыгы байкалууда.

Бул психологиялык факторлор менен байланыштуу, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчаласак, өлкөнүн башкы каржы мекемеси алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу максатында, ушул учурга чейин 284 миллиондон ашык долларын сатуу боюнча 5 интервенция жана дээрлик 20 миллион доллар сатып алуу боюнча 2 интервенция жүргүздү.