Голливуд актёру Арнольд Шварценеггер мындан ары “Терминатордун” ролун ойнобойт. Артист бул долбоорго катышууну аяктаганын белгиледи.
Анын пикиринде, франшиза дагы өнүксө болот, ал эми кимдир-бирөө жакшы идеяны ойлоп табышы керек.
Эске салсак, “Терминатор” киноэпопеясынын биринчи бөлүгү экранга 39 жыл мурун чыккан. Учурда алты тасма бар, Шварценеггер анын баарына катышкан.