Иш учурунда каза болгон укук коргоо кызматкерлерине берилчү компенсация изилденет

Иш учурунда каза болгон укук коргоо кызматкерлерине берилчү компенсация изилденет. Тиешелүү тапшырманы Садыр Жапаров бергенин президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Ага ылайык, кенемтенин суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу айтылды.

 

Белгилеп кетсек, демилге Чаткал районунун каза болгон прокурорунун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом бир жолку төлөм боюнча маселени талкуулоо фонунда көтөрүлдү.

 

Камсыздандыруу төлөмүнүн мындай өлчөмү Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын таң калтырганы менен алар баары бир өкмөттүн сунушун колдогон.