Казакстанда дагы 2 бейтап коронавирустан каза болду

Кечээ, 19-апрель саат 23:10го карата Казакстандын Алматы шаарында дагы 2 бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

 

Маалыматка ылайык, аталган инфекцияга бул ирет 62 жана 89 жаштагы бейтаптар туруштук бере албай калышкан.

Муну менен Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 19га жетти. Кечээги сан боюнча инфекцияны жуктургандардын саны 1711, айыккандар 401.