Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлар аталды

Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлар аталды.

 

Эл аралык компаниянын иликтөөсү боюнча, рейтингдин сап башында Кытайдын Шанхай шаары турат. Экинчи орунда Токио калаасы жайгашса, үчилтикти Гонконг бекитет.

 

Мунун менен Чыгыштын шаарлары лидерлик позицияда жайгашат. Тизмеге ошондой эле Монако, Тайпей, Цюрих, Париж, Лондон жана Сингапур кирди. Рейтингди түзүүдө турак жай, транспорт жана азык-түлүктүн баалары эске алынды.