Бүгүн Кыргызстанда “Тынчтык күнү”

Бүгүн Кыргызстанда “Тынчтык күнү”. Үгүттөө өнөктүгүн жүргүзүүгө тыюу салынат.

Бул тууралуу БШКдан эскертишти. Анын ортосунда буга чейин илинген баннер,

билборддор илинип тура берет. Эске салсак, шайлоо тилкелеринин ачылышына

бир күн калганда бардык үгүттөө өнөктүгү токтотулат. Аларга партия өкүлдөрүнүн

ММКлар аркылуу сүйлөшү, жыйындар, жолугушуулар жана шайлоо алдындагы көрсөтүлүп

жаткан роликтер кирет. “Тынчтык күнү” добуш берүүчүлөргө туура тандоого жана акыркы

чечим кабыл алууга берилет. Эртең, 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңештин

депутаттарын шайлоо жана жалпы элдик референдум өтөт.