Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогунда чемпион аталды.
Тыныбекова жыйынтыктоочу оюнда латвиялык балбан кызды 14:0 эсебинде жеңди.
Ал эми жарым финалда Россиялык спортчуну 13:2 эсебинде утуп алган.
Ага чейин түркиялык жана румяниялык балбандарды ири эсепте артта калтырган.
Белгилеп кетсек, аталган турнир Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат