Балдарды биринчи класска каттоодо электрондук системада мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу билдирди.
Ал мындай учурларда ата-энелерди паникага алдырбоого чакырат. Буга чейин ашыра жүк келген учурда сервер иштен чыгып жаткан.
Андыктан, кичине күтүп, кийин кайра каттоодон өтүү керек. Адистер системанын ишине тынбай көзөмөл жүргүзүүдө, — деди чиновник. Эске салсак, биринчи класска кабыл алуу боюнча электрондук кезек кечээ ачылды.