Бишкекте алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

14-апрелде Бишкек шаарындагы «Газпром балдарга» ден соолукту чыңдоо борборунда алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык Гран-при мелдеши өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдалгандай, иш-чара коомдук жана саясий ишмер, бел боо күрөшүнүн түптөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулууда. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Индия жана Афганстандан жалпы 100дөн ашык спортчу катышат. Байге фонду 540 миң сомду түзөт.
Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Эркектер арасында (классикалык жана эркин стиль): 60, 70, 80, 90. 100, +100 кг;

Кыз-келиндер арасында (эркин стиль): 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.

Департаменттен аталган мелдеш «Алыш» эл аралык бел боо федерациясы жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан уюштурулуп жатканын кошумчалады.