Каржы министрлиги жарандар акча табышы үчүн жаңы долбоор ачты деген маалымат чындыкка дал келбейт

Каржы министрлиги жарандар акча табышы үчүн жаңы долбоор ачты деген маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Ведомство маалыматына ылайык, мындай билдирүүлөр социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тарап жатат.

 

Министрлик кыргызстандыктарды такталбаган маалыматтарга ишенип, жеке шылуундарга банк картасынын эсебин, паспорт маалыматын жана башка нерселерди бербеш керек экенин эскертет.