Балыкчы шаарынын маданият үйү оңдолду. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, оңдоо иштерине 4 миллион 780 миң сом бөлүнгөн.
Белгилеп кетсек, Балыкчы шаарындагы маданият үйүнүн имараты 53 жыл мурда курулган. Ошондон бери анда капиталдык оңдоо иштери болгон эмес.