Коронавируска байланыштуу бир катар маданий иш-чаралар токтотулду

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу айрым маданий мекемелер карантинге алынып, массалык иш-чараларды өткөрүүнү токтотту.

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры, Муса Жангазиев атындагы куурчак театры, Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры баштаган маданий мекемелер убактылуу жабылды.

 

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 14-майдан баштап онлайн иштөө кызматына өттү.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, көрөрмандарга эшигин ача элек.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы, Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры, Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасы жана борбор калаанын музейлери мурдагыдай эле эпидемиологиялык стандарттарга ылайык ишин улантууда.

 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 20-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен төрт адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1729 адамга жетти. Вирус соңку бир күн ичинде дагы 361 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (193) жана Чүй облусунда (96).

 

Ооруканада 1567 адам, ал эми үй шартында 2461 бейтап дарыланууда.