Кыргызстандыктар ноябрь айында электр энергиясын азыраак керектеди.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришкендей, күздүн соңку айы жылуу болгондуктан, колдонуу көрсөткүч 1 миллиард 67 миллион киловатт саатты түздү.
Бул 2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 49 миллион киловатт саатка аз. Энергетиктер Токтогул суу сактагычындагы нымдуулуктун аз болгонун эске алуу менен жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.