Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен дагы бир банкнота чыгарылды. 20 миң теңгелик купюраны коңшу өлкөнүн Улуттук банкы Казакстандын эгемендүүлүгүнүн быйылкы 30 жылдыгына арнап чыгарды. Анын жалпы нускасы 3 миллион болот.
Эске салсак, Назарбаевдин 10 миң теңгелик биринчи банкноту 2016-жылы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата чыгарылган.