Балыкчыда эки саламаттыкты сактоо мекемеси курулууда.
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей,
объекти шаардык оорукананын аймагына тургузулат. Анда 21 орундуу 2 кабаттан турган
медициналык ден-соолукту чыңдоочу комплекс жана 16 адамга чакталган эки кабаттуу
көп тармактуу дартты аныктоо борбору пайда болот. Курулуш иштерин жеке демөөрчү жүргүзүүдө.
Долбоорду ишке ашыруунун баасы 50 миллион сомго айланат.