Өлкөнүн жети облусунда жаңы ооруканалар пайда болот.
Алардын курулуш иштерин 2 айга жетпей бүтүрүү пландалууда, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов.
Ал айтып бергендей, облустарда бош турган имараттар толугу менен оңдоп-түзөлүп, медициналык
жабдуулар менен камсыздап, ооруканага айланып жатат. Тиешелүү тапшырмалар жергиликтүү
өкүлчүлүктөргө берилген. Эске салсак, Бишкек жана Ош шаарында да жаңы
100 орундуу жаңы инфекциялык ооруканалар салынууда.