“Барселона” клубу Лионель Мессинин кылыгы үчүн 3 миң евро айыпка тартылды

“Барселона” клубу Лионель Мессинин кылыгы үчүн 3 миң евро айыпка тартылды.

AS басылмасы билдиргендей, клубдун форварды мелдеш учурунда футболкасын

чечип Марадоннанын жаркын элесине арнап, аргентиналык «Ньюэллс Олд Бойз»

командасынын жазуусу бар кийимин көрсөттү. Буга себеп Марадонна аталган

клубда ойноп келген. Муну менен Месси испаниялык Ла Лиганын регламентин бузду.

Анда оюнчуларга жазууларды, сүрөттөрдү көрсөтүүгө тыюу киргизилген.