Сицилияда 30дан ашык үй гамбургердин баасында сатылууда, болгону   1 еврого

Сицилияда 30дан ашык үй гамбургердин баасында сатылууда, болгону   1 еврого. Бул 95 сомго барабар. Бирок сатып алууну каалагандарга ондоого муктаж имараттар сунушталат.

 

Алардын айрымдары 50 жылдан бери каралбай калган үйлөр. Жергиликтүү бийлик мындай төмөн баа кардарларды тартат деген ишенимде. Болгону, имараттарды сатып алгандар ремонт учурунда ал үчүн камсыдандыруу бөлүгүн дагы төгүп турушу керек болот.