«Барселона» Лионель Мессинин урматына айкел орнотот

«Барселона» футболдук клубу аргентиналык чабуулчу Лионель Мессинин урматына айкел орнотот.

Бул тууралуу клубдун президенти Жоан Лапорта билдирүү жасап, чечим буга чейин кабыл алынганын белгиледи.

Анын айтымында, чабуулчунун сөлөкөтү “Камп Ноу” стадионунун сыртында пайда болот.

Учурда «Пари Сен-Жермен» клубунда ойноп жаткан Месси каталониялык командада 18 жылын өткөргөн.