Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегациялары бирдиктүү протоколго кол коюшту

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегациялары бирдиктүү протоколго кол коюшту. Отурум 2-майга караган түнкү саат 3кө чейин уланганы маалымдалат.

 

Ал эми протоколдун деталдары белгисиз. Эске салсак, буга чейин өкмөттөн кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери жакынкы арада башталат деп билдиришкен, топографиялык топторго мындай тапшырма берилди.

 

Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 976 чакырымды түзсө, анын 519 чакырымы гана такталган. Ошол себептен чектеш аймактарда жаңжалдар катталып келет.