Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте №14 троллейбустун каттамы убактылуу өзгөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам троллейбус линиясынын таяныч мамысынын бузулушуна байланыштуу өзгөртүлдү.

 

Белгиленгендей, троллейбус абал жөнгө салынганча «Жал» кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттайт.

 

Эске салсак, бүгүн эртең менен Бишкекте автобустун катышуусунда троллейбус менен жол кырсыгы катталган.