Бишкекте коомдук транспорттун техникалык абалы текшерилип жатат. Кайгуул милиция кызматынын инспекторлору жүргүнчү ташуучу унаалардын абалын, техникалык жарактуулугун, аптечка жана өрт өчүрүү шаймандарынын бар-жоктугун текшерүүдө.
Талаптарга жооп бербеген транспорт линиядан четтетилип, бузууларды жоюуга жөнөтүлүп жатат. Рейд 8-декабрга чейин созулат.