Экономика министрлиги активдерди ыктыярдуу түрдө легалдаштырууну жыл аягына чейин узартууну сунуштады

Экономика министрлиги активдерди ыктыярдуу түрдө легалдаштырууну жыл аягына чейин узартууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Соңку мөөнөт 9-июнга чейин белгиленген. Ведомстводон эске салышкандай, өнөктүк инвестицияларды көбөйтүүгө, көмүскөдөгү тармакты кыскартууга, активдерди сактоо кепилдигин камсыздоого жана мыйзам бузуулар учурунда мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталат.