Кыргызстанда бензин жана дизелдик отундун баасын туруктуу кармоо үчүн мунай иштетүүчү заводдорго 1,3 миллион тонна мунайзат жеткирүү зарыл

Кыргызстанда бензин жана дизелдик отундун баасын туруктуу кармоо үчүн мунай иштетүүчү заводдорго 1,3 миллион тонна мунайзат жеткирүү зарыл. Бул тууралуу Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев жарыялады.

 

Анын айтымында, учурда өкмөт бул суроо боюнча сүйлөшүүлөрдү Казакстан жана Өзбекстан менен жүргүзүүдө. Турдубаев белгилегендей, өткөн жума ичинде эле өлкөдө күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 4 пайызга кымбаттады. Буга Россия заводдорунан дүңүнөн кое берилген баалар көтөрүлгөнү себеп.