Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясын беш абитуриент алды

Кыргызстанда беш абитуриент президенттин эл аралык “Эл үмүтү” стипендиясын алды.

Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдиргендей, студенттер дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларына тапшырышты.

Алсак, үчөө Колумбия университетинде, дагы экөө Гент жана Стэнфорддо окушат.

Эске салсак, “Эл үмүтү” стипендиясынын көлөмү жылына 50 миң долларга жетет.