Баткенде туристтер үчүн панорамалык аймак түзүлөт

Баткенде туристтер үчүн панорамалык аймак түзүлөт. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, долбоор Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жайгашат.

 

Анын эскизи даяр болду. Чет элдик жана жергиликтүү туристтер үчүн панорамалык аймак көрктөндүрүлүп, эс алууга бардык шарттар түзүлөт.