Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаңы комплекс курулат.
Ал өзүнө мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын, дүкөн, мечит жана имам үйүн камтыйт, — дешти жергиликтүү бийликтен.
Маалыматка ылайык, учурда 240 орундуу мектептин пайдубалына капсула салынды.
Комплекс коомдук бирикме тарабынан каржыланып, долбоордун жалпы суммасы болжол менен 53 миллион 500 миң сомду түзөт.