АКШнын Өкүлдөр үйү Трампка импичмент жарыялоо тууралуу беренени Сенатка 25-январда жөнөтөт

АКШ Сенаты мурдагы президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча сот жүрүмү 8-февралдан тартып башталмакчы. Бул тууралуу АКШ Сенатынын көпчүлүгүнүн лидери Чак Шумер 22-январда жарыя кылды.

 

Ал жума күнү саал мурдараак республикачы сенаторлор менен бул мөөнөттү такташкан.

 

Шумер мырза 22-январдагы сөзүндө иш жадыбалын мындайча ачыктап айтты: “Америка Кошмо Штаттарынын Сенатында сот жүрүмү өтмөкчү жана (мурдагы) президентти соттосо болобу, жокпу, ушул маселе добушка коюлат”.

 

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн спикери Нэнси Пелоси айым мурдагы президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу беренени АКШ Сенатына 25-январда жөнөтмөкчү. Бул кадам – 6-январдагы Капитолийге Трамптын тарапташтары зомбулук менен кирип баргандыгы менен байланыштуу мурдагы президентке “козголоңго шыкакчы болду” деп тагылган айыптын негизинде сот жүрүмүн баштайт.