Баткендин Ак-Сай айылында социалдык объектилердин курулушу башталды

Баткендин Ак-Сай айылында социалдык объектилердин курулушу башталды.

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бала бакчанын курулушуна капсула салды.

 

Учурда жеринде бир мектеп жана эки бала бакча курулуп жатат. Курулушка каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берген. Мектеп 275 орунга чакталса, мектепке чейинки билим берүү мекемелери 75 орундуу болот. Эске салсак, Ак-Сай айылындагы социалдык объектилер тажик тараптын куралдуу кол салуусунда талкаланган.