Антуан Гризманн Франция курамасындагы карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн

Антуан Гризманн Франция курамасындагы карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн. Буга анда бир катар себептер бар: алсак, Уго Льористин кетиши, досу Поль Погбанын ойнобой калышы жана машыктыруучунун кураманын капитаны катары Килиан Мбаппени тандоо чечими.

 

Анткени, Гризманн өзү капитан болгусу келип жүргөндүгү айтылууда.

 

Эске салсак, 31 жаштагы Антуан Гризманн 2018-жылы дүйнө чемпиону аталса, 2016-жылкы Европа чемпионатында жана 2022-жылкы дүйнө биринчилигинде күмүш медалдарды багындырган.