Министрлер кабинети баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизди

Министрлер кабинети баалуу металл жана аларды камтыган чийки товарларды Кыргызстандан ташып чыгууга чектөө киргизди. Мындай чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.

 

Максаты — ата мекендик зергерчилик тармакты колдоо. ЕАЭБ аймагына баалуу металлдарды ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө жобо боюнча Кыргызстандан мындай металлдарды алып чыгууда 500 килограммдык чектөө киргизилди. Ал алты ай күчүндө болот.