Кыргызстанда 2 миң 292 мектеп жаңы окуу жылына даяр

Кыргызстанда 2 миң 292 мектеп жаңы окуу жылына даяр.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жай мезгилинде республикалык бюджеттин эсебинен

бардык мектептерде пландуу оңдоо иштери аткарылды.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын башталышында

имараттарда санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары,

Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги сентябрь айына

11 билим берүү объектисин пайдаланууга берүүнү пландап жатат.