Өзгөн районунун Алтын-Булак айылында алгачкы ирет спорт зал пайда болот

Өзгөн районунун Алтын-Булак айылында алгачкы ирет спорт зал пайда болот.

Иштер сентябрда башталган, ушул айдын аягында объекти пайдаланууга берилип калат.

Анда спорттун күрөш түрүнө басымдуу көңүл бурулат. Алсак, кыргыз, эркин күрөштөрү

боюнча жана кикбоксинг боюнча машыгуулар өткөрүлөт. Имаратты курууга

5 миллион сом жумшалды, каражат түрткү берүүчү гранттын эсебинен берилди.