Бишкекте автобус жана троллейбустар жетишпейт

Бишкекте автобус жана троллейбустар жетишпейт. Бирок жаңыларын сатып алууга каражат жок. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

 

Анын айтымында, пандемиядан кийинки кризистен жана октябрдагы башаламандыктардан улам, мэрия 100 автобусту сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарды. Бул максатта 381 миллион сом талап кылынат.

 

Коомдук транспорт жетишсиздигин жоюу үчүн шаар бийлиги жеке ташуучу компанияларды тартуу үчүн сынак жарыялады.