Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан 3 бала аман-эсен табылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз болуп жаткан 3 бала табылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекемеден билдиргендей, балдардын дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 5-июнь күнү саат 20:10до Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө келип түшкөн. Анда Колот айылында 3 бала дайынсыз болуп жатканы, алар сууга агып кетиши мүмкүн деп күмөндөлүп жаткандыгы айтылган.

 

«Билдирүүдөн кийин саат 20:50дө издөө иштери башталып, райондун Акман айыл аймагынын Кайырма көлүнүн айланасы, Акман айылындагы каналдарын бойлой издөө иштери жүргүзүлдү. Натыйжада дайынсыз болгон 3 бала Жаӊы-Акман айылында адашып калган жеринен табылып, ата-энелерине тапшырылды.

Балдарды издөө иштерине 23 куткаруучу, мындан тышкары ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийликтен 5 адам, туугандарынан 10 адам катышты», — деп айтылат маалыматта.