“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жоюлат

Бийлик “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин жоёт.

Каржы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаевдин айтымында, уюмдун капиталы үч миллиард сомдон ашты.

Чиновник белгилегендей, 700 миллион сомдон башка каражаттын дээрлик баары бюджетке кайтарылат.

Бул акча милдеттенмелерди жабуу үчүн керек.

Тактап айтканда, иш процессинде холдинг кендерди иштетүүгө лицензия алган, ошого жараша азыр белгилүү бир төлөмдөрдү төлөө зарыл, — деди Бакетаев.

Эске салсак, “Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу мамлекеттик ишкана өткөн жылдын аягында түзүлгөн.