Кытай Кыргызстандан органикалык тамак-аш сатып алууга даяр

Кытай Кыргызстандан органикалык тамак-аш сатып алууга даяр.

Novosti.kgге инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев билдиргендей, бул боюнча учурда коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Башка өлкөлөргө бербеген артыкчылыкты Кытай Кыргызстанга бергенге мажбур болуп жатат.

Азыр жети товардык позиция Кытайга ачык.

Андай позицияны Кытай башка коңшу өлкөлөргө бербейт.

Бул сүт тармагы, бал, орех, черешня, кургатылган өрүк.

Алар өздөрү кызыктар.

Эмнеге дегенде азыр тамак-аш коопсуздугу өтө маанилүү болуп турат.

Кытайда орто жана ортодон жогорку класс көбөйүп баштады.

Адам байыганда эң биринчи тамак-ашына көңүл буруп баштайт.

Химикатсыз тамак-аш Кытайда чоң маселе.

Ошон үчүн Кыргызстан ал жакта өзүнүн ордун таба алат”.

Темиралиев белгилегендей, Кыргызстан Кытайдын рыногун товардын көлөмү боюнча жаба албайт.

Бирок табигый азыкты кымбат сатууга мүмкүнчүлүк жогору, — деди чиновник.